Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши ачылды

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата УКМК тарабынан кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөрдө анын күнөөсүнө байланыштуу жетиштүү далилдер бар жана ал материалдар Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясына жөнөтүлгөн.

«Эгерде комиссия Жогорку Соттун төрайымын жоопкерчиликке тартууга макулдук берсе, анда биз аны жогорку кызмат ээлегенине карабай, керек болсо, эртең деле кармайбыз. Ал мамлекетке зыян келтирүү менен мыйзам бузган. Иш тууралуу кенен маалымат бере албайм», — деди Ташиев.