Жогорку Соттун төрайымы Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жети-Өгүз райондук сотунда үч судья, он төрт аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн беш кызматкери жана сот приставдар бөлүмүнүн бир улук сот приставы эмгектенишет. Анда бир сот отурум залы бар жана учурда сотто автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштерди автоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү иштеп келет.

Бакирова кызматкерлер менен жакындан таанышып, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин көңүлүн тартипти бекем сактоого, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга буруп, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, сотко кайрылган адамдарга сылык мамиле кылууга чакырды. Бүгүн төрайым Ысык-Көл облусундагы бир катар сот кеңселерин кыдырып, иш шарттары менен таанышмакчы.