Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти. Ал бул кызматка 2021-жылдын апрель айында дайындалган эле. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттун маалымат кызматынан ырасташты.

«Анын кызматтан кетиши жаңы Баш мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө байланыштуу. Жаңы Баш мыйзамда Жогорку Соттун төрагасын шайлоо тартиби толугу менен өзгөргөн. Буга чейин Жогорку Соттун төрагасы соттор тарабынан үч жылга шайланса, жаңы Конституцияга ылайык, мындан ары төрага Соттор кеңешинин сунушуна негизделген Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен беш жылга президент тарабынан дайындалат», — дешти Жогорку Соттун маалымат кызматынан.

Буга чейин Нургүл Бакированын Жогорку Соттун төрайымдыгынан кеткенин анын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлаган.