Жогорку Соттун төрайымы болуп Нургүл Бакирова шайланды

Жогорку Соттун төрайымы болуп Нургүл Бакирова шайланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн, 22-апрелде өткөн. Добуш берүүгө Жогорку Соттун судьялары катышып, бир добуштан буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Нургүл Бакированын талапкерлигин колдошкон.

Ал эми Жогорку Соттун төрайымынын орун басарлыгына судья Качыке Эсенканов шайланды.