ЖОЖдордо окуу акысы кийинки 3 жылда көтөрүлбөөсү тийиш. Буйрукка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Аталган Жарлык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтордогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү, аталган билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясы жайылып баштагандан жана республиканын аймагында өзгөчө кырдаал (абал) режими киргизилгенден бери студенттерден контракттардын наркын азайтуу, окутууга акы төлөөнүн мөөнөтүн узартуу, төлөө системасын кайра карап чыгуу жөнүндө келип түшкөн кайрылуулардын саны көбөйгөн. Мындай кайрылуулардын өсүшү баарынан мурда пандемия мезгилинде көптөгөн үй-бүлөлөр киреше булактарынан айрылып, окутуунун толук наркын төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондугу менен байланышкан.

Кыргыз Республикасында 73 жогорку окуу жайы иштейт, алардын ичинде 33ү мамлекеттик жана 40ы мамлекеттик эмес. 2020-2021-окуу жылында ЖОЖдордун студенттеринин контингенти 219 миң 30 адамды түзөт, алардын ичинде 184 миң 871 студент – мамлекеттик ЖОЖдордо, 34 миң 159 мамлекеттик эмес ЖОЖдордо окуйт. 26 миң 446 студент – гранттык негизде, 192 миң 584 контракттык негизде окуйт. Мамлекеттик ЖОЖдордо окутуунун орточо наркы Кыргыз жарандары үчүн – жылына 32 миң 391 сом, чет элдик жарандар үчүн 48 миң 876 сомду түзөт. Менчик ЖОЖдордо окутуунун орточо наркы Кыргыз жарандары үчүн – жылына 55 миң 100 сом, чет элдик жарандар үчүн 96 миң 396 сомду түзөт.

Республикада 153 орто кесиптик окуу жайы иштейт, алардын ичинде 48и мамлекеттик, 44ү мамлекеттик ЖОЖдордун курамында турат жана 61и мамлекеттик эмес. 2020-2021-окуу жылында орто кесиптик окуу жайлардын студенттеринин контингенти 95 миң 991 адамды түзөт, алардын ичинде бюджеттик негизде – 11 миң 685 студент, контракттык негизде 84 миң 306 студент окуйт. Мамлекеттик орто кесиптик окуу жайында окутуунун орточо наркы Кыргыз жарандары үчүн – жылына 19 миң 400 сом сомду түзөт. Ошол эле учурда менчик орто кесиптик окуу жайынын окутуунун орточо наркы – 18 миң сомдон 53 миң сомго чейин.

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын студенттерине, жетим балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү, аталган билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында,  Конституциянын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– 2021-2022-окуу жылына жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер кийинки үч окуу жылында Кыргыз жарандары болуп эсептелген студенттер үчүн көбөйүү жагына өзгөрбөөгө тийиш;

– жетим балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын жалпы санынын 5 пайызы санындагы квоталар жыл сайын берилип турууга тийиш.

  1. Министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча зарыл чараларды көрсүн:

– менчигинин түрүнө карабастан жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын Кыргыз жарандары болуп эсептелген студенттерине акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын 10 айдын ичинде (студенттин каалоосу боюнча) ай сайын бирдей бөлүк менен төлөө мүмкүндүгүн берүү;

– жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгашалар жана кирешелер, анын ичинде социалдык эсеп боюнча чыгашалар сметасын аткаруусун контролдоо;

– жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын мамлекеттик үлүш катышкан банктарда тейлөөгө өткөрүү.

  1. Эсептөө палатасы жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу пайдалануусуна аудиттин натыйжалуулугун көтөрсүн жана жыл сайын 1-апрелге чейин аудит жөнүндө отчетторду президенттин администрациясына берип турсун.
  2. Башкы прокуратура билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына, анын ичинде билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн келип түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына системалуу түрдө көзөмөл жүргүзсүн жана жыл сайын 1-апрелге чейин тиешелүү маалыматты президенттин администрациясына берип турсун.