Бишкекте жол кирени көтөрүү маселеси сентябрь айында чечилет

Маршруттук таксилердин айдоочуларынын жумуш таштоосуна байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымат жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Документ  ченемдик укуктук актылардын бардык баскычтарын өтүшү керек. Бүгүн, 2-июнда тарифтерди көтөрүү боюнча токтом долбоору шаардык парламенттин кароосуна коюлду. Шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов сентябрь айына чейин Бишкек шаардык кеңеши менен коомдук транспорттогу тарифтерди көтөрүү маселесин иштеп чыгууга убада берди. Компаниялардын өкүлдөрү шаар мэри менен макул болуп, маршруттук таксилердин айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылышты.