Бакыт Төрөбаев: «Жөлөк пул алууда эми кыйынчылыктар жаралбайт»

Балдарга жөлөк пул алууда жеңилдиктер каралды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ноокен районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Бүгүн, 14-июлда Ноокен районунун тургундары менен жолугушууда балдарга жөлөк пул берүү маселеси да козголуп, Бакыт Төрөбаев мындан ары үйүндө муздаткыч же 20 жыл мурда чыгарылган унаасы эске алынбай турганын айтты. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев эгер адистер жөлөк пул чыгарууда мыйзам бузса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын белгиледи.