«Жоокерлерди кыйноо уланууда». Садыр Жапаров аскер прокуратурасы иш алып барып жатканын айтты

Социалдык тармактарга Каракол шаарындагы чек ара бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн кызматкеринин кайрылуусу жарыяланган. Бул боюнча президент Садыр Жапаров аскер прокуратурасы иш алып барып жатканын соцтармактагы баракчасында жарыялады.

«Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет», — деп жазды өлкө башчысы.

Буга чейин УКМКдан соцтармакка жарыяланган кайрылуу боюнча текшерүү болгонун жана маалымат тастыкталбаганын билдиришкен.