«Жоолугуңду чечпесең, мектепке кирбейсиң». Депутат жетекчилерге жана мугалимдерге чара көрүлүшү керек дейт

«Кыргызстандын бардык аймактарында мындай окуялар катталып жатат. Мен далилдерин да бере алам». Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канатбек Ахмедов жоолук салынган кыздардын мектепке бара албай жатканын айтып чыкты.

«Биздин келечек болгон окуучулар татыктуу билим алууга укуктуу. Бирок билим алышына каршы болгон мектептерде көйгөйлөр пайда болду. Билим алганы келген кыздарды жоолуктун айынан мектептен кууп чыгып жатыптыр. Мындай окуялар өлкөнүн бардык аймактарында катталууда. Буларга ким укук берди? Мектеп жетекчилигине, мугалимдерге чара көрүлүшү керек. Алар мектепке бара албай жатышыптыр. «Жоолугуңду чечпесең, мектепке кирбейсиң» деп атыптыр. Чара көрүлүшү керек», — деди ал.