Жумадил Эгембердиев: «6 миллион элди багыш жөнөкөй эле иш. Мамлекетке жаратмандык жетпей жатат»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө бул жолу «Шоро» компаниясын түптөөчүлөрдүн бири, ишкер Жумадил Эгембердиев маек берди. Ал Кыргызстанды башкаргандар арасында алысты, келечектин картинасын көрө билип, ошого жараша өнүгүү планын түзгөндөр жок деп кейийт.

«Менин көзүм жетип турат, Кыргызстанды Норвегия кылып жиберсе болот. Биз акчанын үстүндө эле жүрөбүз. Ошону көргөн киши жок. Көргөнүбүз эле Кумтөрдү тытмалоо, алтынды тытмалоо. Дегеле кен байлыктарына тийбешибиз керек. Дүйнө жүзүнө табиятты коргоо, эч жерин кемитпей сактоо номур биринчи приоритет болушу керек. Кыргызстанга андан бетер керек, табиятты сактоо. Биздин «фишкабыз» — таза, кооз табиятыбыз болуш керек. Байыганга башка мүмкүнчүлүктөр толтура. Мамлекетке жаратмандык жетпей жатат. Болбосо 6 миллион элди багып алыш жөнөкөй эле иш. Кытайдын бир шаарындай эле киши да?»,- дейт ишкер.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.