Жумадил Эгембердиев: «Тоонун башына шаар куруп койдум. Түшүнгөн кишиге бул — модель»

«Тоонун башына шаар куруп койдум. Түшүнгөн кишиге бул тоолуу шарттагы өлкөнү өнүктүрүүнүн кичинекей бир модели». Мындай пикирин коомдук ишмер жана бизнесмен Жумадил Эгембердиев СуперТВ телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Кыргызстан 90 пайыздан ашык аймагын тоолор ээлеген өлкө. Ошол 90 пайыздан ашуун тоону кыргыздын пайдасына иштетиш керек. Мына, стратегия кайда жатат! Биз жанагы 7 пайыздык түздүктү эле тытып жатпайлыбы, канча жылдан бери. Мен көрүп турам, Кыргызстанды кантип байытса болорун. бирок ушуну өкмөттөн кызыгып сураган киши жок. Башкасын кой, «Шорого» өмүрү келишкен эмес, кантип өнүгүп жатасыңар, эмнени мамлекеттин деңгээлинде колдонсок болот деп. Бир жолу премьер-министр кезинде Өмүрбек Бабанов келген»,- дейт ишкер.

Жумадил Эгембердиевдин маегин толугу менен шилтемеден табасыз.