Журналист Эрулан Кокулов Октябрь окуясы боюнча: «Кыргызстандын туусун калтырып, партияңардын желектерин түшүргүлө дегем»

5-октябрь күнү саат 12лерде мен аянтка барсам, митингчилер желектерин көтөрүп келишиптир. Анан мен Кыргызстандын туусун калтырып, партияңардын желектерин түшүргүлө дедим. Бул тууралуу журналист Эрулан Кокулов СуперТВ телеканалындагы Октябрь окуялары тууралуу болгон берүүдө билдирди.

«Бүгүн өзүбүздүн, элдин укугун коргогону келдик дедим. Ошентип менин ошол күнүм башталган да. Ошол күнү аягына чейин эл менен жүрдүм. Ак үйгө да эл менен киргем. Ошол жерден эл чечим чыгарып, комендант керек деп айтып калышты. Анан мени комендант кылышты», — деди ал.