Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы чыгаан мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов жана Акматбек Сүйүмбаевге ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Бүгүн, 22-сентябрда кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып президент, быйыл Кыргызстан тарыхый дата — эгемендигин жарыялагандыгынын 30 жылдыгын тосуп жатканын, ал үчүн бул чоң сыймык, ошону менен бирге чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу, ошондой эле башка жетишкендиктери менен айырмаланган 189 адам сыйланды.