Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” даражасы ыйгарылды

Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жусуп Абдрахмановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу ыйгарылды.

Ошондой эле, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, мекенге жан аябас кызмат кылгандыгы үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Акматбек Сүйүмбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).