Жусупбек Коргонбай уулу: «Депутат билими менен элдин жашоосун жеңилдете турган мыйзам жазат»

Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Ага ылайык, жогорку билимге ээ эмес депутаттыкка талапкерлер шайлоого катыша алышат. Эл өкүлдөрү өздөрү бул боюнча кандай пикирде?

Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун айтымында, эл өкүлүнө жогорку билим сөзсүз керек. «Жогорку Кеңеш — бул эң жогорку мыйзам чыгаруучу орган. Депутат элдин өкүлү болуп эсептелет. Билим сөзсүз керек. Ар бир депутат алган билими менен элдин жашоосун жеңилдете турган мыйзам жазат», — деди ал.