Жусупбек Коргонбай уулу: «Президенттин облустардагы өкүлдөрүн жоюп салган дурус»

«Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жоюп салган оң». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу айтып чыкты.

Анын айтымында, облустардагы өкүлдөр облуска инвестиция тартып, иш алып барышы керек. Бирок депутат алар интригалар менен отурушат деп эсептерин айтты. «Райондун акимдери түздөн-түз Министрлер кабинетине же куратор түзүп, ошолорго баш ийсин дагы, жети облустун өкүлчүлүктөрүн жоюп салган дурус. Аларды караганга казынадан 1 миллиард сомдон ашык каражат кетет экен», — деди ал.