«Күндө арак ичип, ишке мас келет» делген соттун төрагасы видео боюнча үн катты

Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал өзү тастыктады. Ал эми Садыр Жапаров жыйында көрсөткөн видео тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

«Актанбайм. Бирок Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынында көрсөтүлгөн видео 2020-жылдын 4-июлунда тартылган (иш күн эмес). Ал учурда пандемиядан улам кесиптештерим ооруп жаткан. Ал эми менин күндө жумушка мас абалында келет дегени — жалган. Мындай болушу да мүмкүн эмес. Мен бул окуяны президентке ушундай өңүттө жеткиргендерге ден соолук каалайм», — деди ал.

Бүгүн, 7-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында видео көрсөткөн. Анда бир адам коридордогу дубалга жөлөнүп, андан кийин акырын ордунан туруп, ачкыч менен эшикти ачууга аракет кылат. Кыязы, ал мас абалында болгон. Жогорку Соттун төрайымы видеодогу адамды Чүй облустук соттун төрагасына окшоп жатканын айткан.