Садыр Жапаров «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча, ар бир аймакта өтүп жатканын жана жыл сайын өтүүчү салтка айланарын белгиледи. Жыл сайын өлкө боюнча 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда.
Президент өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун саммитинде Кыргызстан уюмга 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушун бергенин эске салды. 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп беришкен. Февралда «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгына кол коюлган. Мамлекет башчысы табиятты кийинки муунга сактоо маанилүү экенине көңүл бурдуруу үчүн иш-чара «Жашыл мурас» деп аталганын белгиледи.