Жылдык жүгүртүмү 8 миллион сомго жетпеген ишкерлер салыктардын бардык түрүнөн бошотулду. Жарлыкка кол коюлду

Жылдык жүгүртүмү (обороту) 8 миллион сомго жетпеген ишкерлерди Соцфонд менен киреше салыгынан башкасынан салыктардын бардык түрүнөн бошотулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Жылдык жүгүртүмү 8 миллион сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул дагы ылдыйкы катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттик администрациядан такташкандай, бул жарлык айыл чарба багытында алектенген гана эмес, бардык сферадагы ишкерлерге тийиштүү.