Жылдыз Бакашова: «Аял-депутаттардын көбөйүшү — аялдар лидерлигин күчтүү кылууда маанилүү баскыч»

Аял-депутаттардын санынын көбөйүшү – аялдар лидерлигин алга жылдырууда жана өлкөнүн саясий жашоосунда алардын ролун күчтөндүрүүдөгү маанилүү баскыч. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо жеңишке жетишкен аялдарга сый көргөзүү иретиндеги «Мен –лидер алзатымын: жаңы доорго кадам таштоо»  аземинде билдирди.

«Жергиликтүү жана улуттук деңгээлде аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү жаатындагы өлкөбүздүн бүгүнкү жетишкендиктери менен сыймыктанам. Бул чындыгында жалпыбыз үчүн, биздин өлкө үчүн чоң саясий ийгилик болуп саналат, ал президенттин саясий колдоосунун аркасында ишке ашырылууда. Урматтуу жергиликтүү кеңештин депутаттары, эми сиздерде бир гана депутаттык мандат эмес, өз айылыңыздын, жамаатыңыздын бакубаттыгы үчүн пайдаланыла турган бийлик инструменттери бар. Сизге талапкер болуп катышуу, үгүт иштерин жүргүзүү, үй-бүлөңүздөгү жана айылыңыздагы калыпка түшкөн көрүнүштөр менен күрөшүү оңойго турбаганын түшүнөм. Кандай гана болбосун, сиздер ийгиликке жетише алдыңыздар», — деди Жылдыз Бакашова.

Иш-чаранын алкагында 40тан ашуун айылдык кеңештин депутаттары жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, саясатчы аялдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда түз жана ачык диалог орун алды.