Жылдыз Бакашова министрликтин ишин сындап келген врач-педиатр менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова врач-педиатр Бахтияр Абсаматов менен жолугушту. Мурда ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине тийиштүү бир катар сын-пикирлерди жана сунуштамаларды билдирип келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө медициналык кызматкерлерге компенсацияларды өз мөөнөтүндө төлөп берүү, айлык акынын өлчөмүн жогорулатуу, анын ичинде өргүү акыларын эсептөө механизмин кайрадан карап чыгуу, коронавирус инфекциясына шектелген бейтаптарды ыкчам аныктоо максатында оорулуу жарандарды «бөлүштүрүү» пункттарын уюштуруу, жумушчу күчкө катышуу коэффициентине төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү жолу менен медициналык персоналды региондордо кармап калуу, COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн кошумча керебеттерди, анын ичинде реанимациялык орундарды өз убагында жайгаштыруу маселелери талкууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Жылдыз Бакашова президенттин Администрациясынын саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнө аталган маселелерди иштеп чыгып, сунуштарды киргизүүсүн тапшырды.