Жолдошова Сурабалдиевага: «Кошоматчылыктын чеги болуш керек»

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова мурунку вице-премьер Эльвира Сурабалдиеванын анын дарегине айткан сөзүнө жооп кайтарды. Ал Сурабалдиевага бир кезде депутат, вице-премьер-министр болуп иштегенин эскертип, жалган сүйлөбөөгө чакырды.

«Урматтуу экс-вице-премьер Эльвира Суравалдиева, сиз мурункудай алып сатар бизнесмен эмессиз да. Сиз Жогорку Кеңешке депутат, анан вице-премьер болдуңуз. Ошондуктан жалган сөздөрдү жазбай жүрүңүз. Ооба, мен сизге чалганым ырас. 2016-жылы бир кызматкерди өкмөттүн аппаратынан  эксперттик кызматтан адилетсиз жумуштан бошоткону жөнүндө чалгам. Акыйкаттыкты орнотуп, кайрадан кызмат ордуна дайындасаңар деп. Мен ошондо өлкөгө таза жетекчилер келди деп ойлогон элем. Кошоматчылыктын, жагынуунун чеги болуш керек», — деп жазды Жылдызкан Жолдошова.

Буга чейин Эльвира Сурабалдиев соцтармактагы баракчасында Жылдызкан Жолдошованын уулунун президенттик аппараттагы жумушунан кол жууп калганы тууралуу маалыматты бөлүшүп, өзү вице-премьер болуп турган кезинде Жылдызкан Жолдошова чалып, таанышын жумушка алышын талап кылганын билдирген.