Жылдызкан Жолдошова: «Менин Жапаровго күйдүрүп айткан ачуу чындыгым — элге берген убадасын аткарса деген ой»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Жылдызкан Жолдошова кечээ Фейсбук соцтармагында Жер-Үй тууралуу айткан пикири үчүн президенттик аппаратта иштеген уулу кызматтан айдалганын билдирген эле. Бүгүн ал билдирүүсү тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине комментарий берди.

«Биринчиден, Садыр Жапаровго таарынычым жок. Экинчиден, кеп менин уулумдун ээлеген кичинекей ордунда эмес, кеп менин айтылган сөзүмдө. Жапаровду, Ташиевди колдогонум үчүн менин уулдарым мурунку бийликтен — Атамбаевдин, Жээнбековдун тушунда далай куугунтук жеген. Бирок мен эч кимге арызданган эмесмин. Унчукпай баарын көтөрдүм. Бул жолу деле жазбай койсом болот болчу. Менин Жапаровго күйдүрүп айтып аткан ачуу чындыгым — ал эл алдында берген убадаларын аткарса деген ой. Тышкы карызды ушул кен байлыктар менен чечебиз деген. Мен ага ортоктош болгом. Ортоктош дегеним, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде бардык жерде аны коштоп барып, колдоп сүйлөгөм. Ошон үчүн эл алдында жүзү жарык болсо дейм», — дейт Жылдызкан Жолдошова.