Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Аскер прокуратурасына сурак берди

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Аскер прокуратурасы тарабынан күбө катары суракка чакыртылып, сурак берип чыкты. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тастыктады.

Анын айтымында, суракка «Кумтөр» маселесине байланыштуу чакыртылган. Тактап айтканда, 2012-жылы ошол учурда «Кумтөр» маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия отчет берген. Жыйында депутаттар добуш беришкен. Жолдошованын айтымында, суракта бир гана «Эмне үчүн ошол жыйында «макул» деген добуш бердиңиз?» деген суроо берилген. «Мен бул суроого «Ар бир депутат өз оюн билдирүүгө укуктуу. Мыйзам буга жол берет» деп жооп бердим», — деди ал.