Жылдызкан Жолдошева: «Мен Садыр Жапаровдой духту кыргызда бир жигиттен көргөн жокмун»

«Супер ТВ» каналындагы маегинде «Мекенчил» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан саясатчы Жылдызкан Жолдошева өлкө башчынын милдетин аткарган Садыр Жапаровдун оң жана терс жактарына токтолуп өттү.

«Садыр Жапаровдун оң жагы — анын духу күчтүү. Мен Садыр Жапаровдой духту кыргызда бир жигиттен көргөн жокмун. Канчалаган кыйынчылыктарды көрдү, бирок сындабы. Минусуна келсек, тилекке каршы, аны хамелеондор ороп алышты«,- дейт Жылдызкан Жолдошева.

Маектин толук версиясы шилтемеде.