Жылдызкан Жолдошева: «Өмүрбек Чиркешович, коркпоңуз…»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошева конок болду.

«Учурда иштеп жаткан Конституцияда бийлик бутактарынын ортосунда баланс жок. Аны «Конституциянын атасы» аталган менин досум Өмүрбек Чиркешович 2016-жылы эле жоготуп алган. 2015-жылы Феликс Шаршенбаевичтин кабинетине фракция лидерлери чогулганбыз. Ошол жерде айткансыз, Жылдызкан Айтибаевна референдумду колдоп коюңуз, Атамбаев суранып жатат деп«,- дейт ал.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаевдин учурда жасап жаткан иш-аракеттери жөн эле шоу. «Өмүрбек Чиркешович, коркпоңуз… Коркпойм, ырайым сурабайм, качпайм деген сөздөрдү айтуу менен сиз коркуп жатканыңызды билдирип койдуңуз»,- дейт Жолдошева.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.