Кабыл Абдалиев Салык кызматынын төрагалыгына кайра бекиди

Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматына кайра бекиди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Абдалиев Кабыл Кушбакович премьер-министр Улукбек Мариповдун 1-апрелдеги буйругу менен Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматын ээлеп келген», — деп айтылат маалыматта.