«Качан провокатордук иштерин токтотот?» Депутат Эдил Байсаловго болгон нааразычылыгын билдирди

Депутат Надира Нарматов Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго болгон нааразычылыгын билдирди.

«Урматтуу депутаттар, Фейсбукка Байсалов деген Өкмөттүн орун басары депутаттарды түздөн-түз жаманатты кылып, жалаа жаап жазып жатат. Бул деген түздөн-түз Байсаловдун бийлик бутактарынын арасында провокация уюштуруп, бийликтерди бири-бирине карама-каршы коюп жаткандыгы болуп эсептелет. Байсалов качан провокатордук иштерин токтотот? Бул саясатчыбы же аткаруу бийлигинин орун басарыбы? Ушуга окшогон адамдар ар бир бийликтин тушунда пайда болот дагы, бийликтин убалына калат. Ошондуктан биз бийликтин жүргүзгөн саясатын колдобостон эмне кылып жатабыз? Мындай туура эмес да. Байсаловдун кызмат абалын Жогорку Кеңеште кароого туура келип жатат. Ар ай сайын провокатордук маселени парламентке ыргытып коюп жүрөт. Мен эскертип айтып коёюн, Садыр Нуркожоевич, мындай сөздөрүн Байсалов токтотушу керек», — деди ал.