Качып жүргөн ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилеринин турган жери аныкталды

Өткөн жылдын октябрындагы элдик ыңклапта бийлик алмашуулар жүрүп, кызматтарын таштап, качып кеткен ИИМдин экс-министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевдин кайсы жакта жүргөндөрү белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Курманкул Зулушев «Азаттык үналгысына » интервью берип жатып билдирген.

Бирок Зулушев интервьюсунда качып кеткен аткаминерлердин жүргөн жери аныкталганы менен кайсыл жак экенин так айткан эмес. Анда башкы прокурор бул боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатканын гана айтып, жакын арада кененирээк маалымат берилерин билдирген.

Белгилей кетсек, Зулушев мындан бир нече күн мурун, журналисттерге берген маалымат жыйынында элдик көтөрүлүштө кызмат ордуларын таштап кеткен Жунушалиев менен Опумбаевге юридикалык баа берилерин айткан болчу.