Кадамжайда магистралдык каналдын курулушу үчүн тоо тектер жардырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай шаарындагы Алгакадам участкасында магистралдык каналдын курулушунун башталышы менен таанышты. Каналдын жолун өткөрүү үчүн тоо тектери жардырылды.

Каналдын курулушу 4200 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Ал эми долбоордун болжолдуу наркы 634,2 миллион сомду түзөт. Долбоорду ишке ашыруу жарым-жартылай «Алгакадам» коомдук бирикменин каражаттарынан, жарым-жартылай республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

«Биз республика боюнча 30 чакан ГЭС курууну пландап жатабыз. Суу ресурстарын жана күн энергиясын натыйжалуу пайдаланып, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын киргизебиз. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштайбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кадамжай районунун Пүлгөн айылындагы магистралдык каналды да көрүп чыкты. Узундугу 2450 метр келген магистралдык канал 400 гектардан ашык жерди жана малина өстүргөн дыйкандарды суу менен камсыз кылат.