Бүгүн, 7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Кадамжайдагы киши колдуу болгон кыз тууралуу укук коргоо органдарынан маалымат алуу керектигин айтып чыкты.
«Кадамжайда кайгылуу окуя болду. 14 жашар кызды зордуктап, ыплас жол менен өлтүрүп, 3 жигит кармалды. Түштөн кийинкиге укук коргоо органдарын чакырып койсок. Маалымат беришсин. Улуттук трагедия болуп жатат. Жылдан жылга күчөп баратат. Бир чечим чыгарсак жакшы болмок. Мыйзамдарды өзгөртүп, педофилдерге өлүм жасасын киргизсек жакшы болот эле», — деди ал.
Депутат Алишер Козуев кесиптешинин сөзүнө кошуларын айтып, окуя боюнча депутаттык комиссия түзүү керектигин айтты.











