«Кадамжайдагы кыз кыйкырып, жардам сураса керек». Депутат кош көңүл болбоого чакырды

«Кечээ кырчындай өмүр кыйылды. Башкабызга эмне, бүгүн дүң болобуз, эртең дым болобуз, аркы күнү тим болобуз. Ошол кыздын байкуш ата-энеси эмне болду?». Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Болгондо да жалгыз кыз экен. Бул өзүнчө көйгөй, мени ойлондурганы такыр башка. Ким айыптуу десе, аны четинен табабыз. Милиция, прокурор, апасы, атасы айыптуу деп. Биз айсбергдин үстүн эле көрүп, астын көрбөй жатабыз. Эгер өлтүргөндөр кайра кылмыш кылып, түрмөгө түшкөндөр болсо, мен макул дейт элем. Көнүп калган акмактар экен, жүрөгү кара, адам кейпиндеги айбан деп. Жапжаш балдарыбыз. 20дан 30 жашка жете элек. Коом баарыбыз күнөөлүбүз. Ошол кыз кыйкырып кетсе керек, жөн эле кетпесе керек. Бизге баары бир кыйкырып жатабы, жардам сурап жатабы. Кош көңүл болбойлу», — деди ал.