Кадрдык өзгөрүүлөр уланып жатат

Кечээ, 13-ноябрда Динара Кутманова Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Буга чейинки директору Мирслав Аманкулов кызматынан бошотулду.

Тимурлан Кысанов Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейинки директору Нурдөөлөт Рысбеков бошотулду.

Талантбек Эгембердиев Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды.

Бүгүн, 14-ноябрда Мирланбек Байгончоков Финансы министринин орун басары болуп дайындалды.