Кадырбеков: «Биз кыргыз аскерлерин жөнөтсөк, Казакстан чек арасын ачат дегенге кепилдик барбы?»

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселеси каралды. Анда депутат Нуржигит Кадырбеков менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышты. Эл өкүлүнүн айтымында, башка өлкөнүн ички саясий тирешин чечүүдө кыргыз куралдуу күчтөрүн колдонууга Баш мыйзамда тыюу салынат.

«Мен түшүндүм. Силер чечесиңер. Азыр бир депутат «кыргыз жоокери бир нерсе болуп кетсе, ким жоопкерчилик алат?» деп сурады. Мен дароо айтам, жоопкерчиликти депутаттар алат. Мен адамдын каны үчүн жооп бергенге даяр эмесмин. Туура түшүнүңүздөр. Балким, Конституциялык сотко кайрылуу керек, бизге Баш мыйзамда жазылган беренени түшүндүрүп беришсин», — деди депутат Нуржигит Кадырбеков.

Буга карата УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп кайтарып, азыр депутаттарга шайлоочулардын алдында пиар кылуу мезгили эмес экенин жана кыргыз-казак чек арасында баш-аягы 4 өткөрүү пункту жабылганын билдирди. «Депутаттар дагы жоопкерчилик алышы керек. Нуржигит Кадырбеков креслосунда «мен адамдардын канынан корком» деп коюп отурат. Азыр саясат кыла турган, пиар кыла турган убакыт эмес. Эгер добуш бере албасаң, анда өзүңө пиар кылбай, канды жана башканы оозуңа алып, сүйлөнбөстөн, жакшынакай болуп, унчукпай отуруп бергиле», — деди ал.

Кийин депутат Нуржигит Кадырбеков кайра сөз алды. «Камчыбек Кыдыршааевич, чек араны жаап жатат деп аябай маанилүү маалыматты бердиңиз. Өткөнгө кайрылбайлы дедим эле, Казакстан биз үчүн мындан да кыйын учурларда чек арасын жапкан. Бизге ошол мезгилде ун керек эле. Биз жашап кеткенбиз. Азыр ун керек эмес, Кудайга шүгүр, азыр бизде аманчылык. Бирок кеп башкада. Биз кыргыз аскерлерин жөнөтсөк, Казакстан чек арасын ачат дегенге кепилдик барбы?» — деди ал.