Кадыркуловдун элчилик кызматка көрсөтүлгөн талапкерлиги колдоо тапкан жок

УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчилик кызматын ээлөөгө укугу жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов билдирди.

Эл өкүлү 2018-2019-жылдары УКМКны жетектеген башчысын Садыр Жапаровдун тарапташтарына карата кысым көрсөтүүнү уюштурууга айыптады. «Мен сизди жакшы билем. Ошондой иштен кийин элчилик кызматка барууга моралдык укугуңуз барбы?» — деди Атажанов. Буга карата Кадыркулов: «Мен эч кимди кысымга алган эмесмин. Мыйзамдын алкагында иш алып баргам», — деп жооп берди. Атажанов ошондой эле тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиевден «министрликте башка татыктуу кадрлар жокпу?» деп сурады. Депутаттын соболу жоопсуз калды.

Парламенттик комитеттин мүчөлөрү Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин элчи кызматына жактырышкан жок. Үч депутат макул деп, төрт эл өкүлү каршы деп добуш берди.