«Кагаз караган жокмун». Депутат Улан Бакасов Мадумаровду дагы сындады

Бүткүл Кыргыз элине белгилүү болгондой, өткөнкү отурумубузда келип чыккан талаш-тартыш соцтармактарга тарап, ар кандай пикирлерди жаратты. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов билдирди.

«Улан Бакасов кагаздан карап окуп, Адахан Мадумаровду урушту» деп жазышты. Орозо айында Кудайды ортого коюп айтып жатам. Эч кандай кагаз караган жокмун. Буга эң биринчи Кудай күбө, анан жанымда отурган депутаттар күбө. Кагаз карап окудумбу?» — деп суроо салды ал.

Ал ошондой эле комитет жыйынында эмне үчүн талашып-тартышкан себебин айтты. «Мен жамандык көрдүм, колум менен токтото албадым. Тил менен токтоттум. Өткөндө Баткен элине 50 миллион сом бөлүнмөк. Бардык депутаттар колдодук. Бир гана АРИСтин аткарышына каршы чыктык. АРИСтен башкасынын аткара албашына көзүбүз жетип, колдоп бердик. Бир гана Адахан Мадумаров каршы чыкты. Жакшылыкка бут тоспойлу дедик. Мадумаров бизди да үгүттөгөнүнөн ушундай жолго бардык», — деди ал.

Ал мындан ташкары, коомго жакшылык кылуу керек экенин, эгер жакшылык кыла албаса, жамандык кылбашы керек экенин айтты. «Ушул жерде отурган 89 депутат мекенибизге кызмат кылалы деп чуркап жүрөбүз. Бир гана Адахан Мадумаров андай кылбай эле. Ушуга чейин бул адамды таанычу эмесмин. Мен ойлочумун, калыс патриот адам деп. Бирок андайын көрө алган жокмун. Баарыбыздын колубуздан келет сындаган. Бирок иш кылган башка. Мен кагаз окубайм, сөзгө чечен эмесмин, бирок позицияма туруктуумун. Сизди эмнеге сыйлабарымды айтсам, эл да сизди сыйлабай калат», — деди ал.

Өткөн аптада депутат Улан Бакасовдун кесиптеши Адахан Мадумаровго болгон нааразычылыгын кагаздан окуганы талкуу жараткан. Соцтармакта анын «сөзүн жазып беришкенби?» деп суроо салгандар да болгон.