«Кагазда ал кишинин салмагы, бою жазылбайт». Депутат Марлен Маматалиев Түлөбаев менен Түмөнбаевден кечирим сурады

Депутат Марлен Маматалиев Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевден кечирим сурады. Бирок Мирлан Самыйкожонун депутаттын өзү жок кезде ага кайрылганы туура эмес болуп калганын айтты.

«Мен форумга катышып жок элем. Ысымыма Мирлан Самыйкожо кайрылыптыр. Депутаттын көзүнчө айткан туура болот. Азыр өзү да жок экен, мен түшүндүрүп берейин. Биз сиздер менен Жогорку Кеңештин регламентин карап жатабыз. Мына менин колумда кыскартылган вариант, ал 500 беттен турат. Ар бирин өзүнчө чыгарганда 1200 бет болот. Мындан сырткары 40тан ашык депутаттын сунуштары бар. Биз кечээ 4 саат регламентти карадык. Орозо убагында 4 саат кыйын экен. Ар бир депутаттын сунушу кагаз жүзүндө берилет. Биз анын баарын окуп чыкпайбыз. Кыска эле маңызына көз жүгүртүп, сунуш кылынган редакцияны кабыл алабызбы же жокпу деп карайбыз. Бул кагазда ал кишинин салмагы, ал кишинин бою жазылбайт. Фамилиялары жазылышы мүмкүн. Кичине техникалык ката кетип калат экен. Мындай боло берет. Өзүмдүн атымдан, бөлүмдүн атынан эки абамдан кечирим сурайбыз. Негизи бул мыйзам менин мыйзамым эмес», — деди ал.

Депутат Марлен Маматалиев кечээ, 26-апрелде Жогорку Кеңештин регламентин карап жатканда адашып Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевди алмаштырып айтып алганын билдирген. Ал Түлөбаев регламентке Жогорку Кеңештин депутаттарын Министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетун угуу укугунан ажыратууну сунуштаганын маалымдаган.

Ал эми бүгүн, 27-апрелде депутат Мирлан Самыйкожо Маматалиев эки депутаттан кечирим сурашы керектигин билдирген.