Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Министрлер кабинетин арак ичкен таанышына окшоштурду.
«Менин бир таанышым бар эле, айлыгын көтөрсө эле арак ичип алчу. Анан акчасын таратып баштайт да. Балдары да жакшы көрөт, ичип келе жатса эле алдынан чуркап чыгат. «Ата, мага берчи» десе, тарата берет. Бүгүн өкмөт ошол таанышымдай болуп жатат да. «Кайф» кармап жүрөсүңөр. Чогултасыңар да, тендерде чачып салып атасыңар», — деди ал.