Кайра шайлоо. Бишкек, Токмок жана Ош шаарларында тилкеден тыш добуш берүү аяктады

Бишкек шаарында бүгүн, 10-июлда саат 18:00дө 179 шайлоо участкаларында тилкеден тышкары добуш аяктап, 2276 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Ал эми Ош шаарында 30 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктап, 1168 шайлоочунун ичинен 1027 шайлоочу сырттан добуш берген. 

Токмок шаарында да тыштан добуш берүү аяктады. Жалпысынан, тилкеден тыш добуш берүү үчүн арыз жазган 222 шайлоочунун 203ү добуш берди. Бардык 20 шайлоо участкаларында тилкеден тыш добуш берүү аяктады.