Кайра шайлоо. Партияларга документтерди толуктоого 48 саат берилет

Партияларга жетпеген справкаларды толуктоого 48 саат берилет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, саясий уюмдар күрөөнү 13-июнга чейин төлөп бүтүшү керек, ошондой эле талапкерлердин тизмесин жана программасын АШКга тапшырышы керек. «Талапкерлер боюнча өтө маанилүү эмес документтер жетишсиз болсо гана партияларга көз жума алабыз. Бирок күрөө же мыйзамга ылайык түзүлгөн талапкерлердин тизмеси өз убагында жеткирилбесе, биз мындай саясий бирикмени каттоодон баш тартабыз», — деп түшүндүрдү Бишкек АШКнын башчысы Кайрат Маматов.

Ал 11-июлда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо боло турган Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында үгүт иштери 21-июнда саат 8:00дө башталарын жана 10-июлда саат 8:00дө аяктай тургандыгын баса белгиледи.