«Кайсы жетекчи кантип байып жатат, балдары эмне жеп, эмне кийип калды?». Садыр Жапаров коррупционерлер тууралуу

Коррупция ар бир тармакты чырмап алган. Мунун баары мамлекеттик органдардын, муниципалдык кызматкерлердин жөнөкөйүнөн тартып, башчысына чейин чиеленишип кеткен коррупцияга малынгандыгынан кабар берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Ушуга чейин оркоюп көрүнгөн коррупциялык элементтерди жаап-жашырып жүрүп, ушуга келдик. Эл баарыңардын ишиңерди көрүп турат. «Кайсы жетекчи кантип байып жатат, балдары эмне жеп, эмне кийип калды?» мындай суроолор ар бириңерди ойлонтушу керек. Жаңы келген адамдын да башын айлантып, аны да коррупцияга аралаштырып салган схемалар түзүлгөн. Биз ушулардан арылып жатабыз. «Мен кыйынмын» деп жүргөн мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген канчалаган адамдар камалып, келтирилген зыяндын ордун толтуруп жатышат. Бул силерди коркутуу сөздөрү эмес, бул элдин талабы. Мисалы, бир эле УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы коррупцияга каршы күрөшүүдө ушул күнгө чейин мамлекетке 7,5 миллиард сомду кайтарды», — деди ал.