Калкты каттоо биринчи жолу уюлдук телефон же планшет аркылуу өткөрүлөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Анда луттук статистикалык комитеттин учурдагы ишмердүүлүгү жана 2022-жылы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Ал коронавирустук пандемия шартында иш-чаранын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жана кыргызстандыктардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Кудайбергенов Улуттук статистикалык комитет 25-марттан 3-апрелге чейин жана республиканын айрым аймактарында 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого толук даяр экендигин билдирди. 28 миңге жакын убактылуу каттоо кызматкерлери кабыл алынып, аларды окутуу семинарлары өткөрүлдү. Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы кошумчалагандай, калкты каттоо биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта каттоочулардын жеке уюлдук телефону же планшет аркылуу өткөрүлөт.

Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновго жана  бул ишке тартылган бардык жетекчилерге эл каттоонун жүрүшүн бир саамга да көз жаздымында калтырбоону, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку жоопкерчилик менен аткарууну тапшырды.