«Вообще» калп айтпа!». Садыр Жапаров жолду оңдоп жаткан подрядчыны сынга алды

Президент Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон автожолун реконструкциялоо долбоору менен таанышты.

Өлкө башчы жолду реконструкциялап жаткан подрядчыны сынга алды. Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, жасалып жаткан иштердин ыргагын басаңдатпоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле сатып алуулар процессиндеги коррупциялык схемалардан толук арылуунун маанилүү экенин айтты.