«Калп жана жалган жалаа». Президенттин маалымат катчысы Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди

Жарандык активист Мелис Аспековдун Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин койгон мезгилде мурунку мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдон жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдон январь айында өткөн президенттик шайлоого 10 миллион доллар алган деп айтканы — жалган жалаа жана калп. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында Мелис Аспеков президенттин кадыр-баркын түшүрүп, аброюна шек келтирүүгө аракет кылып жатат.

«Мелис Аспеков өзү учурда УКМКнын тергөө абагында, ага «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын администрациясынын өкүлдөрүнөн пара талап кылгандыгы үчүн айып тагылганын эске салуу керек. Мурунку президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнө эч кандай акча берген эмес. Бул боюнча сөз да болбош керек. Пара талап кылган деп шектелип жаткан Мелис Аспеков мамлекет башчысынын кадыр-баркын түшүрүп, аброюна шек келтирүүгө аракет кылып жатат. Аспеков чуулгандуу жана жалган билдирүүлөрдү жасаганга көнүп калган. Бирок бардык нерсенин чеги болуш керек. Калп жана жалаа үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек», — деди ал.

Мындан тышкары ал айрым саясатчылар тарабынан бул тема талкууланып жатканы капа кыларын айтты.

«Өздөрүн олуттуу саясатчы деп атаган айрым ишмерлер бул окуяны көтөрүп, президент Садыр Жапаровду дагы, анын жүргүзүп жаткан реформаларын дагы кадыр-баркына шек келтирген ушул теманы талкуулап жатканы капа кылат», — деди Галина Байтерек.