Кечээ, 23-августта президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Буга чейин Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын жергиликтүү ЖМКлар маалымдаган болчу.