Камакка алынган Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Бишкектеги СИЗО-1де ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу «Туран» партиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага кечээ, 26-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандык уюштуруу) боюнча кылмышка шектүү деп эскертүү берилген. Каршылык иретинде Жеңиш Модокматов ачкачылык жарыялаган.

Жеңиш Молдокматов 6-майда Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча кылмышка шектелип кармалган. Кийин ага «массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча да айып тагылган.