Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токтогул районунун Нарын дайрасындагы Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясынын курулушуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, 2 жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Анын айтымында, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын 4 жылдан соң ишке киргизүү пландаштырылууда.
Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын-ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 миллиард кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.
Садыр Жапаров жакында берген маегинде Казакстан жана Өзбекстандын Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын маалымдаган.










