«Камбар-Атаны эмне үчүн кошуналар менен салбашыбыз керек?». Садыр Жапаровдун жообу

«Камбар-Атаны эмне үчүн кошуналар менен салбашыбыз керек?». Президент Садыр Жапаров ушундай суроого жооп кылды.

«Камбар-Ата боюнча айттыңыз, кошуна өлкөлөр менен салбашыбыз керек деп. Эмнеге салбашыбыз керек? Суу бизде турат, жер биздики. Эгерде жалгыз курсак, 5-6 миллиард сомду биз эле салган болобуз. Өмүр бою суу берип келе жатабыз, дагы беребиз. Андан көрө алар дагы акчасын салып, сууну бекер албай, эмгек кылып алышпайбы? Сууну бууп жата бербейбиз, аккан суу ага берет», — деди ал.