Камчыбек Досматов Ош мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Досматов Камчыбек Султанмуратович Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду. Бул тууралуу аталган мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 13-сентябрда жаңы аппарат жетекчи Ош шаарынын мэриясынын эмгек жааматына тааныштырылды.

Камчыбек Досматов буга чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп эмгектенген. Ал 1988-жылы 21-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылында туулган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кенже кызматтан жогорку кызматтарга чейин иштеген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө башкы адис, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага болгон, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалап келген.