Камчыбек Ташиев: «Анткени УКМКнын башында мен турам»

«Биз, УКМКнын кызматкерлери, мындан ары коррупционерлер менен кандай иш алпарабыз? Биз жемкорлук фактыларын аныктап чыгабыз, кармайбыз, тергейбиз, мамлекетке келтирилген залалды төктүрөбүз, анан чыгарабыз. Алардын баарын камап отура бербейбиз да? Эмне үчүн мындай болуп жатат? Анткени УКМКнын башында мен турам»,- дейт Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасы ушул убакыт аралыгында комитет тарабынан коррупциялык иштер боюнча 4 миллард сомго жакын каражат кайтарылганын айтат. Анын билдиришинче, иштери тергелип жаткандардын арасында депутат Марат Аманкулов дагы бар. «Бир да сомду алып калбайбыз, баарын казынага жөнөтөбүз»,— дейт генерал Ташиев.